УКМК: Ысык-Көлдө пансионаттын 729,6 млн. сомдук жери мамлекетке өттү

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Отель Евразия" ЖЧКсына таандык 20 гектардан ашуун жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын базар баасы 729 миллион 682 миң сомду түзөт.
1 / 3

"Отель Евразия" ЖЧКсына таандык 20 гектардан ашуун жер тилке мамлекетке кайтарылды

2 / 3

Маалыматка ылайык, анын базар баасы 729 миллион 682 миң сомду түзөт

3 / 3

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жер тилкелер Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берилгени кошумчаланды

"Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Бермет" мамлекеттик пансионатынын ("Отель Евразия" эс алуу борбору) жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилген", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жер тилкелер Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Кант шаарындагы 801 млн. сомдук автостанция мамлекетке кайтарылды