БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, ректорлордун, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолукту.
Анда Ташиев аталган тармакта коррупция дагы деле гүлдөп жатканын белгиледи. Төраганын айтымында, айрым мугалим жана жетекчилер өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына түрткү болууда.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалууда. Учурда көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде, мурда бул көрсөткүч үрөй учурган 70-80 пайызды түзүп келген", — деди Ташиев.
УКМК төрагасы коррупцияга аралашканы үчүн 42 адам ээлеген кызматынан бошотулганын айтып, билим берүү системасынын кызматкерлерин бул жаман адат менен бирге күрөшүүгө чакырды.