"Керемет банк" АКШ салган санкцияга каршы даттанарын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Керемет банк" АКШнын Финансы министрлиги салган санкцияга каршы даттанарын кабарлады.
Буга чейин АКШнын Финансы министрлиги "Керемет банкты" Россияга карата салынган санкцияны кыйгап өтүүсүнө көмөктөшүүгө айыптап, аны санкциялык тизмеге киргизгенин билдирген.
"Керемет банк" АКШнын Финансы министрлигинин (OFAC) Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча кеңсесине биздин банк тарабынан "мыйзам бузууларга жол берилген" деген билдирүүсүнө даттануу иретинде кайрылат", — деп жазылат таратылган маалыматта.
Банк жөнгө салуучу органдар жана эл аралык аудиторлор менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, учурда кадимки тартипте иштеп жатканын кошумчалады.
Бул боюнча Улуттук банк да кайрылуу жасап, учурда банк сектору туруктуу келип, ар кандай тобокелдиктерге туруштук бере ала турган жетиштүү капиталга жана ликвиддүүлүккө ээ экенин билдирди.
Казакстан Россияга каршы санкциялардын бир катарын колдобостугун айтты