1-апрелден тарта Афган согушунун катышуучуларынын кенемтесин көбөйтүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. 1-апрелден баштап Афган согушунун катышуучуларынын кенемтесин көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери Афган согушунун катышуучуларына жеңилдиктердин ордуна кенемтелер төлөнүп келген.
"2010-жылдын 1-январынан азыркы учурга чейин кенемтенин өлчөмү жашаган аймакка карабастан 1000 сомдон 7000 сомго чейин белгиленген. Ошондон бери акчалай компенсациянын көлөмү көбөйгөн эмес", — деп айтылат негиздемеде.
Ошондой эле соңку жылдары бардык нерсе кымбаттаганы белгиленген.
Афганстандан совет аскерлеринин чыгарылганынын 35 жылдыгына карата кенемтенин суммасы төмөнкүдөй көтөрүлөт:
башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларына (4 858 адам) 6000 сомдон 8000 сомго көтөрүлөт;
башка мамлекеттердин аймагындагы согуштарда жаракат алып майып болгондорго (128 адам) 7000 сомдон 10 миң сомго көтөрүлөт;
каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө (229 бүлө) 1000 сомдон 2000 сомго көтөрүлөт.
Советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылышынын 35 жылдыгы белгиленди. Видео