БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Израиль менен Палестина ок атууну токтотуп, тынчтык cүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптарга Катар, АКШ жана Египет ортомчулук кылган.
Катар өкмөтүнүн башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани билдиргендей, келишим 19-январда күчүнө кирет. Биринчи этапта 33 израилдик туткун, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жарандар бошотулат. Жооп катары Израилден палестиналык туткундар чыгарылат.
Келишимдин биринчи этабы 42 күнгө созулат. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Катар, Египет жана АКШ Каирде биргелешкен топ түзөт.
Документтин шарты боюнча, тараптар туткундарды бошотуу, Газа секторундагы Израилдин аскерлерин акырындан чыгаруу каралган.