БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Эски аянттагы Лениндин эстелиги алынбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал Лениндин Эски аянттагы эстелигине тийбей турууну суранган Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевге жооп жазды.
"Жогорку Кеңештин депутаты Лениндин эстелигине тийбей турууну өтүндү. Бирок эстеликке эч ким тийген жок жана аны алып салуу боюнча эч кандай пландар жок. Ал өз ордунда турат жана тура берет", — деп жазган Орунбеков.
Лениндин эстелигин алуу министрлер кабинетинин планында жок экенин өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов да жазып чыкты.
"Ала-Тоо" аянтындагы В.И. Лениндин эстелигинин статусу 2000-жылы мыйзам менен аныкталган. Ушул себептен эстелик аянттын башка тарабына жылдырылган. Баса, Лениндин эстеликтерин демонтаждоого каршы биринчилерден болуп Турдакун Усубалиев чыккан. Биз тарых менен тирешкен жокпуз. Биз тарыхка таянып, жакшылыкты эске алуу менен жаңы өлкөнү куруп жатабыз. Бул маселени демилгелөө министрлер кабинетинин планына кирбейт", — деди Байсалов.
Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Эски аянттагы Владимир Лениндин эстелигин Турдакун Усубалиевдикине алмаштырууну сунуштаган.