Өзгөн жана Ысык-Ата райондорундагы маморгандар акимге баш иймей болушту

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда өзгөчө пилоттук долбоор башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аталган аймактарда 25 унаанын ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган унаалар айыл өкмөттөргө өткөрүп берилет. Касымалиев белгилегендей, административдик-аймактык реформанын алкагында республикада 231 айыл аймагы, 33 шаар, анын ичинде эки республикалык маанидеги жана 14 облустук маанидеги шаарлар түзүлдү.
"Реформанын биринчи этабынан кийин бирдиктүү региондук программанын негизинде мамлекеттик органдардын райондук деңгээлдеги бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда дагы бир өзгөчө пилоттук долбоор башталды. Анда министрликтердин жана ведомстволордун бөлүмдөрүн, өкүлчүлүктөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берилет", — деди ал.
Касымалиев аймактардагы шаарларды өнүктүрүүгө бир топ каражат бөлүнүп жатканын айтып, Жалал-Абадга 2,2 миллиард, Караколго 2 миллиард сом, Кара-Балта менен Токмокко 1 миллиард сомдон, Балыкчы, Таласка 300 миллион сомдон бөлүнгөнүн кошумчалады.
Радио
Сыдыков: акимдердин ротациясы жакшы натыйжа берди