Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Эми автобуска жол кирени накталай төлөө 40 сом болот. Мэрия долбоорду коомдук талкууга чыгарды Бишкек шаардык кеңештин жыйынында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев накталай эмес төлөм 20 сом болгондуктан, жүргүнчүлөр карта менен төлөөгө өтпөй жатканын белгилеген. "Накталай эмес төлөм 17 сом, накталай 20 сом болгондуктан, жүргүнчүлөр 3 сомго карабай жол кирени акча менен эле төлөп жатышат. Накталай төлөмдү 40 сомго чейин көбөйтүү боюнча долбоорду коомдук талкууга койдук. Жөнгө салуу таасирин талдоо аяктагандан кийин биз долбоорду Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизебиз", — деген ал. Буга чейин мэрия жүргүнчүлөрдү карта менен төлөөгө өткөрүү максатында накталай төлөмдүн баасын 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштаган. Ал эми накталай эмес төлөмдө жол кире мурдагыдай эле 17 сом бойдон калат.
Владимир Шадыканов коргоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Шадыканов буга чейин кылмыш иш козголуп иштен алынган Эмил Осмоновдун ордуна дайындалды. Мурдараак УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Коргоо министрлигине курал-жарак сатып алуу үчүн бөлүнгөн акчалардын мыйзамсыз чыгарылып кеткенин маалымдаган. Бул факт боюнча эки сербиялык жаран жана эки кыргызстандык кармалган. Аталган ишке Осмоновдун да тиешеси бар экени айтылууда.
Чүй облусунда жарандык күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Чүй Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, түндө саат 01:15те Москва Райондук ички иштер башкармалыгына Беловодское айылында үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. "Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлүп, жарандык никедеги 29 жаштагы киши менен 20 жаштагы келин 15-январь саат 19дарда үйүндө арак ичип отуруп, уруша кеткен. Чырдын жүрүшүндө аялы күйөөсүн бычак менен жүрөк тушка сайып, ал каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кошумчаланды.
Израиль менен Палестина ок атууну токтотуп, тынчтык cүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. Маалыматка ылайык, тараптарга Катар, АКШ жана Египет ортомчулук кылган. Катар өкмөтүнүн башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани билдиргендей, келишим 19-январда күчүнө кирет. Биринчи этапта 33 израилдик туткун, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жарандар бошотулат. Жооп катары Израилден палестиналык туткундар чыгарылат.Келишимдин биринчи этабы 42 күнгө созулат. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Катар, Египет жана АКШ Каирде биргелешкен топ түзөт. Документтин шарты боюнча, тараптар туткундарды бошотуу, Газа секторундагы Израилдин аскерлерин акырындан чыгаруу каралган.