Глобалдуу фонддун (GCERF) жетекчиси Халид Коссер РИА Новостиге берген маегинде Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерден өз жарандарын алып келүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү башка европалык мамлекеттерге караганда дүйнөдө лидер болуп саналарын айткан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Мейманыбыз Бакыт Кадыровдон Сириядан кыргызстандыктарды алып келүү иши качан башталган, эки тараптуу келишимге жетишүү кыйынга турган жокпу, Сириядан алып келүү ишинде негизги кыйынчылыктар эмнеде, Сириядан башка дагы кайсы өлкөдө жарандарды алып келүү маселеси бар өңдүү суроолорго жооп алдык.