Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Беларусь менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдар үчүн беларус-орус чек арасын, анын ичинде кургактагы жол аркылуу өтүү тартибин жөнгө салуучу тиешелүү макулдашуунун күчүнө киргендигин маалымдайт. Мурда Беларустун жана Россиянын жарандары гана кесип өтө алган.“Кыргызстандын жарандары Беларустун же Россиянын аймагына эл аралык өткөрүү пунктулары, темир жол, ошондой эле макулдашууда көрсөтүлгөн автомобиль жолдору менен кире алышат”, — деп айтылат маалыматта. Учурда макулдашуунун алкагында алты багыт каралып, Беларусь-Россия чек арасынын кургактагы бөлүгүнө башка жолдор менен өтүүгө жол берилбейт жана андай учурлар мамлекеттик чек араны бузуу катары каралат.
Республикада сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 4, Бишкек шаарында 4, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт катталды. Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.
Борбор калаада Аламүдүн дарыясын бойлой кеткен Кара-Дарыя көчөсүнүн бир бөлүгү реконструкцияланды. Мындан улам Горькийден Медеровго чейин кеткен альтернативалык жол пайда болду. Былтыр ал жерге жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар түшүп, жол чийиндери сызылган. Узундугу 1,5 чакырым, туурасы 8ден 15 метрге чейин. Азыр бул көчөнү Лев Толстойго чейин узартышууда. Бул жанаша көчөлөрдүн жүгүн жеңилдетип, тыгынды азайтары айтылууда.
Ош шаарында мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында окуу курстары башталды. Мэриядан билдиришкендей, окутуу Ош мамлекеттик университети менен шаардык билим берүү башкармалыгынын келишиминин негизинде ишке ашырылууда. Буга байланыштуу ОшМУда жыйын өттү. Анда окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси талкууланып, билим берүүнүн сапатын арттырууда мектеп директорлорунун орду, 2022-2023-жылдарга карата жалпы республикалык тестирлөөсүнө жүргүзүлгөн талдоо боюнча маалыматтар берилди. Белгилей кетсек, курска жалпысынан Ош шаарындагы башкармалыкка караштуу 70 билим берүү мекемелеринин директорлору жана мугалимдери катышмакчы. Жалпысынан 840 адис кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунан өтүшөт.
АКШнын кызматы аяктап кетип бара жаткан президенти Жо Байден америка эли менен коштошуп, өлкөнү башкарып тургандагы эмгектерин санады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Америкалык лидер 15 мүнөткө чукул сүйлөгөн. Бул убакыт ичинде Ак үйдүн кетип жаткан жетекчиси Россия-Америка алакасы, же Россия, же анын президенти жөнүндө ооз ачкан эмес. Эл аралык күндемдин алкагында Байден НАТОну бекемдөө, Украинаны колдоо, аны менен катар эле Кытай менен атаандаштык, Газадагы согуш отун токтотуу маселелерине токтолгон. Сөзүнүн соңунда Байден үй-бүлөсүнө, америкалыктарга жана администрациясынын мүчөлөрүнө ыраазылык билдирип, жарандарды өлкөнүн баалуулугун сактоого чакырды. Ал эми бийлиги өтүп жаткан Дональд Трамптын администрациясына ийгилик каалаган.