БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Кайгуул кызматынын төрт инспектору пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар автоунааларды айып короодон алып чыгууда жасалма тоскоолдуктарды түзүп, ишти эртелетүү үчүн акча берүүгө мажбур кылышкан.
14-январда шектүүлөрдүн кызматтык бөлмөлөрү тинтүүгө алынып, факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Иш-чаранын жыйынтыгында Т.С.Э., И.К.М., Б.у.З., А.К.А. аттуу инспекторлор кармалган. Алар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.