Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагонду жетектөөгө талапкер Трамптын Украина боюнча пландарын айтып берди

Пентагонду жетектөөгө талапкер Питер Хегсет
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Украина маселесин Киев үчүн пайдалуу болгудай шарт менен жөнгө салууну көздөп жатат. Бул тууралуу Пентагонду жетектөөгө талапкер Питер Хегсет кандидаттыгы каралып жаткан АКШ Конгрессиндеги сенаттын куралдуу күчтөрү боюнча комитетинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ал (Дональд Трамп — ред.) жаңжалды соңуна чыгарууну каалай турганын так айтты. Биз чырдын украиналыктар үчүн болушунча пайдалуу болуп аякташын каалайбыз", — деген Хегсет.
Талапкердин айтымында, Россияны АКШнын кызыкчылыгына каршы келе турган аракеттерден тизгиндеп туруу өтө маанилүү. Хегсет Москва өз таасирин кеңейтүүгө багытталган кадамдарын улантып жатканын, АКШ буга каршы турушу керектигин белгиледи.
Буга чейин президенттик шайлоого жетишкен Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып жаңы администрациянын тушунда Киев Байдендин президенттиги учурундагыдай жардам күтпөшү керектигин айткан эле.
Муну менен бирге РФ лидери Владимир Путин менен жарым жылга жетпеген убакытта жолугушуп, Украинаны талкуулай турганына токтолгон. Ага чейин Украина чырын бир күндө жөнгө салып кое аларын да айткан. Россия бул мынча кыска убакытта чечиле калчу жөн салды маселе эмес экенин эскертип келет.
Белгилей кетсек, Россия президенти Владимир Путин Украинадагы кырдаалды тынчтык менен жөнгө салуунун шартын атаган. Анын айтымында, Украина Россиянын жаңы региондорунан аскер күчүн чыгарып кетери менен Москва сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет. Мындан тышкары, Киев НАТОго кирүү оюнан баш тартып, демилитаризация жана денацификация жүргүзүп, нейтралдуу, блоктон тышкаркы, өзөктүү куралсыз макамын кабыл алышы зарыл. Россия лидери Москвага каршы салынган санкциялардын жоюлушу керектигин да айткан.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров
"Конкреттүү сунуш керек". Лавров Трамп менен сүйлөшүү шарты тууралуу