Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Путин: Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар Россия үчүн чоң мааниге ээ

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар Россия үчүн чоң мааниге ээ. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Мамлекет башчысы видеоконференция аркылуу “Победа” уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
“Бул майрамдык иш-чаралар болуп саналат, бирок бүгүнкү күндө алар биздин ички саясий позицияларыбызды бекемдөө үчүн чоң мааниге ээ. Кеп биринчи кезекте жаш муундарды патриоттук духта тарбиялоо жөнүндө болуп жатат. Коомдун биримдигин чыңдоодо да эбегейсиз зор мааниси бар”, — деди Путин.
Ал Россия Федерациясындагы бардык саясий күчтөр бул иш-чараларды өткөрүүнү колдой турганына ишенерин билдирди.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Улуу Жеңишке 80 жыл. Кыргызстан согушта Киев менен Минскиге кантип жардам берген