ЖКда кайрадан ыш маселеси көтөрүлүп, көйгөй кийинки аптада талкууланмай болду

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар борбор калаадагы ыш көйгөйүн көтөрдү.
Алгач эл өкүлү Дастан Бекешев ыш көйгөйүнүн актуалдуулугун белгилеп, тез арада талкуулоо зарыл экенин айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев
"Бул — өтө актуалдуу маселе. Эл кайда болбосун талкуулап жатат. Жогорку Кеңеш, өкмөт, бийлик качан бул меселени чечет деп күтүп жатышат", — деди ал.
Ал эми депутат Эмил Токтошев ыш өпкө жана онкологиялык оорулардын көбөйүшүнө себеп болуп жатканын белгиледи.
Мындан сырткары, депутат Бактыбек Чойбеков ыш маселеси борбор калаа менен чектелбестен, аймактагы шаарларда да көйгөй жаратып жатканын айтты.
Жыйындын жүрүшүндө төрага Нурланбек Тургунбек уулу ыш көйгөйү кийинки аптада Жогорку Кеңеште талкууланарын билдирди.
ЖКда Эски аянттагы Лениндин ордуна Усубалиевдин эстелигин орнотуу сунушталды