ЖК вице-спикери бир мандаттуу округдардагы шайлоодон баш тартууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев бир мандаттуу округдардагы шайлоодон баш тартууну сунуштады.
Коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдан бир мандаттуу округдардагы шайлоолорго байланышкан нормалардын баарын алып салуу демилгеленген.
"Жогорку Кеңештин 36 депутаты бир мандаттуу округ боюнча мажоритардык система менен шайланат. Бир мандаттуу округдарда бошогон мандаттарга шайлоо президент тарабынан дайындалып, БШК тарабынан эки айдын ичинде өткөрүлүшү керек. Бирок мындай кайра шайлоолор республикалык бюджетке олуттуу чыгымдарды алып келүүдө", — деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.
Кыргызстанда шайлоо партиялык тизме жана бир мандаттуу округдарда болуп, аралаш система колдонулат. Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат.
Шайлоодо добушун саткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды