БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкекте өрттөн улам бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт Маевка айылына жетпей Белозерский көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан.
Эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 16:25те толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен 65 жаштагы Т.С. аттуу эркек киши каза болгон.