Шаңкайган Кан-Теңир эмнеси менен кооптуу? Чокунун сырлары

Кан-Теңир — өлкөнүн эң таанымал жана бийиктиги боюнча жети миң метрлик үчүнчү чокусу. Келиңиздер, сырдуу тоого чогуу "чыгып", анын альпинисттер үчүн камдап койгон коркунучтарын билип көрөлү.
Sputnik
Чокуга чыгуу үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн эң татаал түштүк багытты тандайбыз. Эмне үчүн альпинисттер эң коркунучтуу жерин "чычкан капканы" деп аташкан? Тоодо бир убакта 11 адам кандайча өлгөн жана бийиктикке жеткенде адамдын денесинде кандай өзгөрүүлөр болот? Ушул жана башка суроолорго биздин видеодон жооп алыңыз.