Камчыбек Ташиев көп балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алты балалуу үй-бүлөгө Бишкектен үч бөлмөлүү батир ыйгарды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын 23-декабрында Ташиевге үч жаштан 13 жашка чейинки курактагы алты баласы бар Нурзат Нуржанова жардам сурап кайрылган. 34 жаштагы аял бутуна операция жасалгандан кийин кыймылы начарлап калганын, 35 жаштагы жолдошунун дагы ден соолугунда көйгөйү болгондуктан оор жумушка жарабай турганын белгилеген. Мындан улам үй-бүлө балдарын кийим-кече, тамак-аш менен жетиштүү камсыздай албай калган. Жолдошунун туруктуу кирешеси жок, учурда жеткирүү кызматында иштейт. Өздөрү батирде жашашат.
"Камчыбек Ташиев муктаж үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилегин айтты", — деди УКМК.
Ал эми Нуржанова колдоо көрсөткөнү үчүн Ташиевге терең ыраазычылыгын билдирген.
Ташиев эне капиталы качан берилип баштаарын айтты