БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева ординаторлор менен жаш дарыгерлер убадаланган акчаны ала албай жатышканын билдирди.
Ага Ош мамлекеттик университетинин интерндери сентябрдан баштап 20 миң сомдон берилчү төлөмдөр токтоп калганын айтып, көйгөйдү министрлер кабинетинин төрагасына жеткирүүнү суранышкан.
Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ординаторлоруна да бул төлөмдөр токтоп калган.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Министр саламаттыкты сактоо тармагындагы төлөмдөр тууралуу телекөрсөтүүдө мактанган, эми болсо төлөбөй жатат. Жаштарды алдабаш керек", – деди Сурабалдиева.
Ал ошондой эле жаш дарыгерлерге министр убада кылган кошумча төлөмдөр да берилбей жатканын кошумчалады.