БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер алдынан өтүүчү өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш быйыл мартта башталып, жер өтмөк Байтик баатыр көчөсүнө чейин болмокчу.
2 миллиард сомго бааланган долбоорду экс-мэр Нариман Түлеевдин "Ташболот Холдинг" компаниясы каржылай турган болду. Мэрия жерди аларга 49 жылга ижарага берген.
"Курулуш иштери 1,5-2 жылга созулат. Ошол учурда жана объект ишке кирсе кошумча жумуш орундары түзүлөт. Унаа токтотуучу жай 220 орунга ылайыкталган", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, тыгындарды азайтуу, борбордук көчөлөрдөгү унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигин чечүү, жайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү максатын көздөй турганы кошумчаланды.