Ала-Букада айыл башчысы бычак жеп ооруканага түштү

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жалал-Абад дубанына караштуу Ала-Бука районунда айыл башчысы бычак жеп ооруканага түшкөнүн облустук милиция билдирди.
Маалыматта окуя 12-январда 51 жаштагы А.А. аттуу айыл башчы жолдун боюнда мыйзамсыз соода кылгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда болгону айтылат.
Милициянын билдиришинче, 71 жаштагы аял айыл башчынын жүрөк тушуна бычак сайган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылып, кол салган аял 48 саатка камакка алынганы маалым болду. Ошондой эле ал 1999-жылдан бери психикалык оорудан жабыркап, каттоодо тургандыгы аныкталган.
Бүгүн окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылды.
Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн