БИШКЕК, 15-Янв. — Sputnik. Бейшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көлдө 0...+5 градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында термометр -3...-8 градусту көрсөтөт.
Бишкек жана Ош шаарында абанын температурасы +4…+6 градуска көтөрүлөт.