Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?

Sputnik
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик, муниципалдык орто мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мажбурлап мыйзамсыз каражат чогулткандарга айып пул салуу боюнча мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 27-ноябрда кабыл алган. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин айып салынат. Ал эми өз ыктыяры менен мектепке жардам берүүнү каалагандар жоопкерчилкке тартылбайт. Бүгүнкү күндө өлкөдө мажбурлап акча чогултбаган мектептер деле бар.
Бул тууралуу “Ачык кеп” берүүсүндө Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбия иштери боюнча секторунун башчысы жана шаардагы мектептин бириндеги ата-энелер комитетинин өкүлү кеп кылышты.