Жогорку Кеңеште кайрадан ыш маселеси көтөрүлүп, көйгөй кийинки аптада талкууланмай болду. Алгач депутат Дастан Бекешев ыш көйгөйүнүн актуалдуулугун белгилеп, тез арада талкуулоо зарыл экенин айтты. Ал эми Эмил Токтошев ыш өпкө жана онкологиялык оорулардын көбөйүшүнө себеп болуп жатканын белгиледи. Мындан сырткары, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков ыш маселеси борбор калаа менен чектелбестен, аймактагы шаарларда да көйгөй жаратып жатканын айтты. Жыйындын жүрүшүндо төрага Нурланбек Тургунбек уулу ыш көйгөйү кийинки аптада Жогорку Кеңеште талкууланарын билдирди.
Былтыр Санариптик кызматтар аркылуу 1,3 млрд сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.Ал белгилегендей, былтыркы жылы санариптик документтердин саны байкалаарлык өстү. Эми жарандар мамлекеттик кызматтарды үйдөн же кеңседен чыкпай, онлайн эле алса болот. “2024-жылы “Түндүк” тиркемеси аркылуу 171 кызмат жеткиликтүү болду. Ошондой эле 33 жаңы онлайн кызмат киргизилди. Мамлекеттик кызматтардын порталы аркылуу 16 млн кызмат көрсөтүлдү. Муну менен 17,6 млн саат жана 1,3 млрд сом үнөмдөлдү” , - деди министр. Кутнаева кошумчалагандай, бул жарандар жана мамлекет үчүн чоң кадам.
"Бишкекжарыктын" кызматкерлерине жаңы бирдиктүү формалар тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тышкы жарыктандыруу линияларын эксплуатациялоо жана курууда иштеген кызматкерлерге, анын ичинде техниканын айдоочуларына кышкы униформа сатылып алынды. Белгилүү болгондой, формалар ишкананын фирмалык стилине шайкеш келген көк жана боз түстө даярдалган. "Ал эми чагылдыруучу ленталар көрүү чектелген шарттарда иштерди аткарууда кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылат. Униформа жүндөн жасалып изоляция менен жабдылган, бул кар, шамал жана өтө суук температурасында сыртта иштөөнү камсыз кылат. Жаңы форма ыңгайлуулукту жана коргоону камсыз кылат, бул аба ырайынын катаал шарттарында иштеген адистер үчүн өзгөчө маанилүүлүгү белгиленди.
Түштүк Кореянын тарыхында тергөөчүлөр биринчи ирет президентти — Юн Сок Ёлду камашты. Бул туурасында РИА Новости Ренхапка шилтеме кылып билдирди. "Жогорку кызматтагы адамдардын арасындагы коррупцияны иликтөө башкармалыгы президент Юн Сок Ёлду козголоңду жетектегени үчүн камады", — деп жазды агенттик. Ал арада кармалышы боюнча Юн Сок Ёль да үн каткан. "Тилекке каршы, биздин өлкөдө укуктук система толук бузулган. Иликтөө жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок органдарга ордер кантип берилерин көрүп жатабыз. Ордерди кароого укук берилбеген соттор камоого жана тинтүүгө ордер берип жатышат. Андан ашыгы, тергөө органдары расмий деп документтерди жасалмалап, элдин башын айлантууда", — деп айтылат президенттик администрация тараткан маалыматта. Президенттин өзү бул кармоону "кан төгүүнү болтурбоо" үчүн суракка "өз ыктыярым менен бардым" деп комментарий кылып, иликтөөнүн мыйзамдуулугун мойнуна алуудан баш тарткан