Өлкөдө 2025-2028-жылдарга карата "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасы кабыл алынды. Программада төрт багытта иш жүргүзүлүп, ата-мекендик өндүрүүчүлөргө эл аралык рынокторго ишенимдүү чыгууга жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жардам берет. Экспортту өнүктүрүү докмуентинде текстиль, азык-түлүк, зер буюмдары жана "халал" продукциясы сыяктуу приоритеттүү тармактар колдоого алынат. Бул эмне үчүн маанилүү? Төрт багыт кандай ишке ашат? Программанын иш-чараларын ким каржылайт?
Бул суроолорго "Кыргыз экспорт" борборунун тышкы рынокторду талдоо бөлүмүнүн башчысы Асель Ибраимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде жооп берди.