Кыргызстан 2025-жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ), Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) төрагалык кылат. Бул жыл "Эл аралык диалог, кызматташтык жана коопсуздук" ураанынын алдында өтүп, ар түрдүү маанилүү иш-чараларга бай болору белгиленген. Кыргызстандын бул уюмдардагы орду, төрагалыктын артыкчылыктары тууралуу КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов маек курду.