Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Бишкек шаарында мамлекеттик административдик имараттардын жаңы комплекси курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте айтылган. Маалыматка ылайык, курулуштун негизги подрядчысы президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы болду. Административдик имараттар мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу жана министрликтер менен ведомстволордун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында курулары белгиленген. Тиешелүү структураларга каржылоо, долборлоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылды. Буга чейин президенттик администрация министрликтерди, ведомстволорду жайгаштыруу үчүн Бишкекте административдик шаарча куруларын айтып, эски мамлекеттик имараттарды сатууга жол ачкан документ иштеп чыгуу тапшырылган. Ал үчүн "Инвестициялар жөнүндө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр демилгеленген.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаз маселеси дээрлик чечилип калды, чакан жана орто бизнеске ал колдонулбайт. Бул тууралуу Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарында ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди. Ал ЭТТК айрым товардын түрлөрү үчүн гана каларын айтты. "Жалпы жонунан Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз маселеси жоюлду десек болот. Ал тамеки, алкоголдук ичимдик, дары, мунай продуктуларында гана калат. Экинчиден, импортерлорго дагы иштейт, себеби алар сырттан тонналап товар алып келет. Ошондой эле завод, фабрикалар дагы бар. Аларды дагы ЭТТК менен көзөмөлдөйбүз", — деди Шыкмаматов. Буга чейин Кыргызстанда ЭТТКны колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ага бир айлык мөөнөттө ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди жүргүзүп, президенттик аппаратка сунуштарды киргизүү тапшырылган болчу.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тилди билүү деңгээлин жана мөөнөтүн белгилөө сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, кызматтык милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүү деңгээлдери "Кыргызтест" аркылуу аныкталат. Жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү: 2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес; 2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес болушу керек.Мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү; 2025-жыл ичинде мамлекеттик тилди талап кылынган деңгээлде билүү боюнча сертификаты жок кызматкерлерге карата кызматтан бошотуу же төмөндөтүү чаралары көрүлбөйт;
Эгер Украинада мобилизациялык куракты 18 жашка чейин төмөндөтүүгө аракет жасала турган болсо, Владимир Зеленский бийликтен куулушу мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады. Анын айтымында, мындан аскер комиссариаттарынын кызм