БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Москвада өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өтчү парадга шериктеш 19 өлкөдөн аскер бөлүктөр чакырылды. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов маалымдады.
Бүгүн РФ президенти Владимир Путин видеоконференция аркылуу "Победа" уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
"Кызыл Аянттагы парадга катышуу үчүн шериктеш 19 мамлекеттен аскер бөлүктөр чакырылды, алардын ичинен 10 өлкө парадга катыша турганын тастыктады. Анын арасынан жетөө — мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттер", — деген Белоусов.