БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Newsmax телеканалындагы маегинде Лос-Анжелестеги өрттөн келтирилген зыян өзөктүк курал менен сокку урулгандан да чоң экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Чыныгы абал сиздер теледен көргөндөн кыйла жаман. Менин оюмча, келтирилген зыян өзөктүк курал менен сокку ургандан да чоң", — деди Трамп.
Лос-Анжелесте 7-январда башталган токой өртү штаттын тарыхындагы эң эле апааттуу каргаша болуп калды. Бийликтин маалыматы боюнча, жалын 16 миң гектар жерди жалмаган. 12,3 миң ар кандай курулуш жок болуп, кеминде 24 адам каза тапкан. Метеорологдор өрттү шамал да күчөтүп жатканын айтышууда.