Бишкек жана Оштогу тыгындарды азайтуу боюнча чаралар сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча чаралар сунушталды. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому парламенттин сайтына жайгаштырылды.
Аны депутат Марлен Маматалиев демилгелеп, бир катар сунуштарды берген.
Токтомдо төмөнкүдөй тапшырмалар коюлган:
министрлер кабинетине 1-апрелге чейин ар кайсы булактардан тиешелүү каражат табуу жана бюджеттен бөлүп берүү;
бара-бара техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо менен Бишкек шаарынын тегерегинде айланма жолдун курулуш жана темир жол борборлорун көчүрүү планын иштеп чыгуу;
Бишкек жана Ошто борборлоштурулган автоматтык түрдө адаптацияланган светофорлорду башкаруу системасын ишке киргизүү;
1-ноябрга чейин Жогорку Кеңешке жасалган иштер боюнча жылдык отчет берүү.
Ош мэриясына 1-октябрга чейин Калаадагы жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тыгындарды азайтуу концепциясын иштеп чыгуу.
Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү боюнча жумушчу топ түзүлдү