"Конкреттүү сунуш керек". Лавров Трамп менен сүйлөшүү шарты тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Дональд Трамп президент болуп келип, Украина маселеси боюнча позициясын түптөп алган соң, албетте, сүйлөшүү шарттарын караштыра баштайбыз. Бул туурасында РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров 2024-жылдагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө арналган маалымат жыйында сүйлөп жатып белгиледи.
"Азыр айтылып жаткандын баары инаугурацияга даярдануунун алкагында, Дональд Трамп өзү айткандай, олуттуу иш-чараларга, "кеңсесине кирүүгө болгон даярдыктын алкагында" сүйлөнгөн сөздөр. Трамп алгач Ак үйгө, өзүнүн кабинетине жайгашуу керектигин түшүнүп турат. Акыркы жылда талкууланган маселелердин бир нече өңүтү бар. Эл азыркы кырдаалдын реалдуулуктарын арбыныраак кеп-сөз кыла башташты, бул, кыязы, колдоого татырлык нерсе", — деди Лавров.

Буга чейин Трамп Россия лидери Владимир Путин аны менен жолугууга ниетин билдиргенин жар салган. Москва АКШнын жаңы шайлаган президенти Дональд Трамптын Россия лидери Владимир Путин менен жолугам дегенин колдой турганын, бирок азырынча диалог боюнча конкреттүү пландар жоктугун айткан эле.

Бүгүнкү маалымат жыйында Лавров конкреттүүлүк туурасында сөз кылып, Трамптын администрациясынан "Москва конкреттүү демилгелерди" күтөрүн кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина Куралдуу күчтөрүндө Россия менен элдешүүгө ыктагандар көп