БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тилди билүү деңгээлин жана мөөнөтүн белгилөө сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, кызматтык милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүү деңгээлдери "Кыргызтест" аркылуу аныкталат.
Жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:
2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес;
2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчик ишканалардын, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:
2026-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес;
2028-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес.
Кыргызстанда туруктуу жашаган этностук азчылыктар үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:
2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) кем эмес;
2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес.
Мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү;
2025-жыл ичинде мамлекеттик тилди талап кылынган деңгээлде билүү боюнча сертификаты жок кызматкерлерге карата кызматтан бошотуу же төмөндөтүү чаралары көрүлбөйт;
Тиешелүү деңгээлде тилди үйрөнүү үчүн окутуу иштери мамлекеттик жана муниципалдык органдардын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.