Армян номерлүү унаага КР номерин тагып алган айдоочу кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жасалма номер менен автоунаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-январдагы рейд учурунда Honda Accord үлгүсүндөгү унаа текшерилген. Анын 40 жаштагы айдоочусу армян номерлүү унаага жасалма кыргыз номерин тагып алганы аныкталган.
Айдоочу мындай амалы үчүн 20 миң сом төлөмөр болуп, темир тулпары айып короого токтотулду.
Талон албасаңыз айыпка жыгыласыз! Бишкектеги автобустарда рейд жүрүүдө