15-январга карата аба ырайы

15-январда түнкүсүн республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Шаршембиде жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас чөлкөмдөрүндө 6…11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 7…12, Ысык-Көл жеринде -1…+4, Нарын облусунда -4…-9 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 9…11, Ош шаарында 10…12 градусту көрсөтөт.
Келе жаткан жумада кар жаабайт. Кыргызстан боюнча аба ырайы