Кеңешбек Асаналиев адабият таанууга жана адабий сынга өткөн кылымдын орто ченинде келип, дароо эле өзүнүн адабий-теориялык деңгээлинин, эстетикалык табитинин жеткилеңдигин көрсөткөн. “Туяк” программасында окумуштуулар Али Турдугулов жана Мырзабек Жумабаев адабий сынчы, улуу окумуштуу Кеңешбек Асаналиевдин адамдык сапатын, окумуштуулук жагын кенен айтып берди. Кеңешбек Асаналиевге 2004-жылы адабиятчы-сынчылардын ичинен алгачкы жолу "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу" наамы берилген. Башынан өткөн окуяларын абдан кызыктуу кылып, адабий процесс менен байланыштырып 2013-жылы "Адабий айкаш" деген ат менен эскерме-баянын чыгарган.