Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Кыргызстанда акыркы беш жылда кылмыштуулук азайды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Республикалык окуу борборунун башчысы Бакыт Дубанаев билдирди. Анын айтымында, соңку жылдары алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстан Глобалдык тынчтык индексинде 25 баскычка көтөрүлүп, 70-орунду ээледи. “Жыл бою кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн бир нече “Коопсуз өлкө - туруктуу келечек” аттуу темада форумдар өткөрүлдү. Мына ушундай иш-чаралардын аркасында кылмыштуулуктук акыркы беш жылда кескин азайды. Бул албетте кубандырарлык көрсөткүч”, - деди ал.
Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча чаралар сунушталды. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому парламенттин сайтына жайгаштырылды.Аны депутат Марлен Маматалиев демилгелеп, бир катар сунуштарды берген.Токтомдо министрлер кабинетине 1-апрелге чейин ар кайсы булактардан тиешелүү каражат табуу жана бюджеттен бөлүп берүү; бара-бара техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо менен Бишкек шаарынын тегерегинде айланма жолдун курулуш жана темир жол борборлорун көчүрүү планын иштеп чыгуу; Бишкек жана Ошто борборлоштурулган автоматтык түрдө адаптацияланган светофорлорду башкаруу системасын ишке киргизүү тапшырмалары берилген.1-ноябрга чейин Жогорку Кеңешке жасалган иштер боюнча жылдык отчет берүү.Ош мэриясына 1-октябрга чейин Калаадагы жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү жана тыгындарды азайтуу концепциясын иштеп чыгуу.
Жайыттардагы суу таңсыктыгын чечүү максатында Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган."Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңсыктыгы көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы, жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт", — деп жазылган маалыматта. Буга чейин Кадамжайда дагы пилоттук негизде жасалма мөңгү тоңдурулганы жана аны облуска тегиз жайылтуу максатталып жатканы кошумчаланды.
Дональд Трамп президент болуп келип, Украина маселеси боюнча позициясын түптөп алган соң, албетте, сүйлөшүү шарттарын караштыра баштайбыз. Бул туурасында РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров 2024-жылдагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө арналган маалымат жыйында сүйлөп жатып белгиледи. "Азыр айтылып жаткандын баары инаугурацияга даярдануунун алкагында, Дональд Трамп өзү айткандай, олуттуу иш-чараларга, "кеңсесине кирүүгө болгон даярдыктын алкагында" сүйлөнгөн сөздөр", — деди Лавров. Буга чейин Трамп Россия лидери Владимир Путин аны менен жолугууга ниетин билдиргенин жар салган. Москва АКШнын жаңы шайлаган президенти Дональд Трамптын Россия лидери Владимир Путин менен жолугам дегенин колдой турганын, бирок азырынча диалог боюнча конкреттүү пландар жоктугун айткан эле.