Ырым-жырымдар эмнеден улам келип чыгат? Азыр кандай ырымдар колдонулууда?

Sputnik
Ар кайсы жерде жашаган адамдар ар кандай ырым-жырымдарга ишенишет. Аларды элдик ишеним же элдик жөрөлгө деш керек. Анткени азыркы коом ырым-жырым дегенди туура эмес түшүнөт. Жалпысынан алганда, кыргыз маданиятынын бир өңүтүн ырым-жырымдардар түзөт. Түрлөрү көп. Алар элдин көп жылдык тажрыйбаларынан келип чыгат. Мисалы, күндүн батканынан, канаттуулардын учканынан жана курт-кумурскалардын кыймылдарынан улам эртеңки аба ырайы кандай болорун болжолдошкон. Ырымдар же элдик ишенимдер азыр да колдонулабы? Кандай жөрөлгөлөр колдонулат? Кайсы ырымдар кооптуу? жана башка ушул сыяктуу суроолорго “Көз мончок” берүүбүздөн жооп ала аласыздар.