Сугат жерлерди айрым учурларда трансформациялоого уруксат берилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-декабрында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, муктаждык болсо сугат айдоо жерлерди менчигине карабастан трансформациялоого болот."Айдоо жерлердин категориясын билим берүү, саламаттык сактоо объектилерин, дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга которууга болот", — деп жазылган маалыматта.Ошондой эле айдоо жерлерге суу чарба курулуштарын курууга мүмкүнчүлүк берүү каралган.Аталган мыйзамды депутаттар Айбек Маткеримов, Аманкан Кенжебаев, Кундузбек Сулайманов жана Марлен Маматалиев демилгелеген. Алар айдоо жерлердин категориясын которууга киргизилген чектөө инвестиция тартууга тоскоол болуп жатканын белгилешкен. Анткени зарыл болгон инфраструктураны куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү жок болуп келген. Мындан улам соцобъектилерди куруу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого мүмкүндүк берилди.Ошондой эле мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3-пунктунда “мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган” деген сөздөр алып салынды. Бул жеке менчикте турган жерлерди дагы белгиленген максаттарга трансформацилоого жол ачат.
Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев акталды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. Маалыматка ылайык, Самаевге карата буга чейинки инстанцияларда чыккан өкүмдөр өзгөртүлүп, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыбы жокко чыгарылды.2023-жылы апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп Самаевди кармап, ишканада болгон мыйзамсыз иштерден мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген.Урматбек Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылдын августунда дайындалган.
АКШ Украинага "Түндүк агымдан" кийин эми "Түрк агымын" иштен чыгарууга шыкакчы болуп жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги Киев бийлиги ишемби күнү пилотсуз тогуз учакты пайдаланып Краснодар аймагында Анапага жакын "Түрк агымынын" компрессордук станциясына чабуул коюуга аракет кылганын билдирген.Бул европалык өлкөлөргө газ берүүнү үзгүлтүккө учуратуу максатында жасалганын жана дрондордун бардыгы атып түшүрүлгөндүгүн кабарлашты. Станция көгүлтүр отту "Түрк агымына" токтоосуз берип жатканын жана эч кандай үзгүлтүк болбогонун кошумчалашкан.Россиялык экспорттук эки газ куурунда — "Түндүк агым" жана "Түндүк агым 2де" 2022-жылдын 26-сентябрында жарылуу болгон.Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган иш экенинен шек санаган эмес. Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террордук акт боюнча ишти демилгелеген. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва "Түндүк агымдын" жардыруулары боюнча маалыматты бир нече ирет сурап, бирок бир да жолу жооп албаганын айткан.