Үй сатып алууну пландаган жарандар курулуш объектинин мыйзамдуулугун текшере алат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ведомстводо элдин алданып калуусун алдын алуу максатында жаңы бөлүм түзүлгөн "Соңку убактарда мыйзамсыз курулуштан үй алып, алданып калгандар көбөйдү. Мына ошонун эске алып "Санариптик трансформация, маалыматтык камсыздоо жана коштоо" бөлүмү түзүлдү. Ал акысыз кызмат көрсөтөт. Үй сатып алууну пландаган ар бир жаран курулуш объектинин мыйзамдуулугу тууралуу так маалымат алуу үчүн ушул бөлүмгө кайрыла алат", — деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28 дарегиндеги Мамкурулуштун "Бирдиктүү терезе" бөлүмүнө кайрылууга болот. Ошондой эле агенттиктин расмий сайтынан жана QR-код аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү бар.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тилди билүү деңгээлин жана мөөнөтүн белгилөө сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, кызматтык милдетин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүү деңгээлдери "Кыргызтест" аркылуу аныкталат. Жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү да белгиленген.2025-жыл ичинде мамлекеттик тилди талап кылынган деңгээлде билүү боюнча сертификаты жок кызматкерлерге карата кызматтан бошотуу же төмөндөтүү чаралары көрүлбөйт; Тиешелүү деңгээлде тилди үйрөнүү үчүн окутуу иштери мамлекеттик жана муниципалдык органдардын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
Өлкөдө беш жаңы бассейн башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-январда кол койду. "Кара-Дарыя — Сыр-Дарыя — Аму-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы". Бул башкармалыктар юридикалык жак катары катталып, республикалык бюджеттен каржыланмакчы. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысы тууралуу мурунку токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Эми бассейн башкармалыктарынын кызматкерлери суу чарба тармагындагы жаңы шарттарга ылайык эмгек акы ала алышат. Буга чейин өлкөдө суу ресурстарын беш гидрографиялык бассейнге бөлүп башкаруу каралганы, алар мөңгүдөн тартып өлкөнүн чек арасына чейинки суу ресурстарын сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча комплекстүү иш алып барары айтылган.
Сокулукта автоунаадан пулемет менен автоматтын октору табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти. Маалыматка ылайык, автоунаа ишемби күнү токтотулган. "Тинтүү учурунда андан АК-74 автоматы үчүн 86 патрон жана Калашников пулеметунун 74 патрону табылып, ичиндеги үч кишинин мурда соттолуп чыкканы аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Факт боюнча "Курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренесинин негизинде иш козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.