Мурункудай уурулук эмес, техниканын тилин жакшы билгендердин алдамчылык кылмышы көбөйдү

Sputnik
Коомдук жайларда тартип бузууда кандай айыптар салынат, чылым чегүү боюнча жасалган рейддердин максаты, талабы, иштин жүрүшү тууралуу мейманыбыз Маматисак Омурзаков айтып берди. Эс алуу жайларында кальян, чылым чегүүгө тыкыр тыюу салынбаганы менен чылым чегүүчүлөргө атайын шарттар каралышы керек. Анын максаты чылым чекпеген жарандардын укугун коргоо.
Омурзаковго коомдук тартипти бузгандарга чегерилген айып, кылмыштын түрлөрү, өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуучулукка байланышкан бир катар суроолорду узатып жооп алдык.