Бишкек шаарында мамлекеттик административдик имараттардын жаңы комплекси курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте айтылган.Маалыматка ылайык, курулуштун негизги подрядчысы президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы болду.Административдик имараттар мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу жана министрликтер менен ведомстволордун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында курулары белгиленген. Тиешелүү структураларга каржылоо, долборлоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылды.Буга чейин президенттик администрация министрликтерди, ведомстволорду жайгаштыруу үчүн Бишкекте административдик шаарча куруларын айтып, эски мамлекеттик имараттарды сатууга жол ачкан документ иштеп чыгуу тапшырылган. Ал үчүн "Инвестициялар жөнүндө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр демилгеленген.Кийин ал кездеги министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2026-жылы жаңы Өкмөт үйү куруларын айткан.
Улуттук банк 79 миллион доллар сатып, валюталык интервенция жасады.Маалыматка ылайык, бул — жаңырган жылдагы алгачкы интервенция. Улуттук банк 2024-жылы 26 жолу интервенция жасап, анын 13үндө валюта сатып алса, калганында саткан.Эскерте кетсек, Улуттук банк валютанын олку-солкулугун жөнгө салуу үчүн долларды сатып же сатып алып турат.
Кыргызстанда 22-январдан тарта виза алуу тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, бул чечим инвестициялык саясатты жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү максатында кабыл алынууда.Эми виза алууда тездетилген тариф киргизилмекчи. Аны "Электрондук виза" порталына өтүнүч бергенден тартып 24 сааттын ичинде алууга мүмкүн.Ошондой эле “Сапар виза” киргизилип, ал ишкерлик, туристтик жана жеке сапарлар үчүн ыңгайлуу. Визанын бул түрү 90 күнгө чейин жарактуу болуп, бир же көп жолу кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк берет.Мурда колдонулуп келген “ишкерлик”, “туристтик” жана “тоо туризми” визалары жоюлат.
АКШ Конгрессине республикачылар жаңы шайланган президет Дональд Трампка Гренландияны Дания Падышалыгынан сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун киргизишти. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Кошмо Штаттардын Гренландияны алуусу боюнча президентке Дания Падышалыгы менен сүйлөшүү иштерине уруксат, ыйгарым укук берүү керек", — деп айтылган Конгресстин төмөнкү палатасынын өкүлү, республикачыл Энди Оглс киргизген документте. Эгерде кабыл алынып калса, 20-январда Трамп ант берип, президенттигин баштагандан кийин документ күчүнө кирет. Дания менен макулдашуу болсо Трамп беш күндүн ичинде аймакты алууга тиешелүү документтерди Конгресске тапшырат.Мыйзам долбоорунун автору муну "Гренландияга мурдагы кубатын кайтарып беребиз" деп атап, мындай кадамга Трамптын тарапкерлеринин "Америкага мурдагы кубатын кайтарабыз" деген урааны таасир эткенин айтты. Январдын башында Трамп Гренландияны АКШнын курамына киргизүү туурасында жар салып, бул кадам Кытай менен Россиянын таасирине каршы туруу үчүн жасалып жатат деп түшүндүргөн.