ЕАЭБ жана Кытай соода-экономикалык алака боюнча жол картасын жаңыртат

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. ЕАЭБ жана Кытай соода-экономикалык алака боюнча жол картасын жаңыртат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.
10-январда ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков менен Россиядагы Кытай элчилигинин өкүлү Лю Цзинь жолугушкан.
Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле 2023-жылы бекитилген ЕАЭБ — Кытай жол картасын ишке ашырууну талкуулашты. Мындан сырткары, 2025-жылы өтө турган Биргелешкен комиссиянын бешинчи жыйынына даярдык көрүүнү макулдашышты.
"Бул жылы жол картаны актуалдаштырып, ага соода көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүүчү эң керектүү кызматташтык багыттарын кошууну сунуштайм", — деген Серпиков.
ЕАЭБдеги КР судьялары өлкөдөгү соттордой эле социалдык кепилдикке ээ болушту