ЕАЭБдеги КР судьялары өлкөдөгү соттордой эле социалдык кепилдикке ээ болушту

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. ЕАЭБдеги Кыргызстандын судьяларына мамлекеттик камсыздандыруу, төлөмдөр жана пенсияга үстөк акы берилет. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү келишим боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерин аткаруу максатында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, ЕАЭБ сотунун судьяларына:
Кыргызстандын судьяларына кепилденген мамлекеттик камсыздандыруу, ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөк пул төлөө жана пенсияга үстөк акы берилет;
пенсияга үстөк акынын өлчөмү Кыргызстандын судьяларына каралган тартипте аныкталат;
уюмда иштеген мезгили судьялык иш стажыга кошулат.
Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандан ЕАЭБ сотунда иштеген судьялардын социалдык коргоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган.
Эске салсак, ЕАЭБдин соту уюмдун ичиндеги талаштарды карайт. Ага мүчө өлкөлөрдөн экиден судья кирет. Ушу тапта Кыргызстандан эки судья иштеп келет.
ЕАЭБ соту кандай иштерди карап, кимди "соттойт"? Судьялар менен маек