БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россиядагы чет элдик студенттер орус тили боюнча бирдиктүү тесттен өтө турган болгондуктан, президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен РФтин Илим жана жогорку билим берүү министрлиги экзамен даярдап жатат. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Алты деңгээлден турган орус тили боюнча тест чет тил катары негизги сынак болмокчу, анда студенттердин жазуу, окуу жана сүйлөшө алуу жөндөмү текшерилет.
Учурда ал Россиянын университеттеринде билим алып жаткандар үчүн милдеттүү түрдө жасалбайт.
"Чет элдиктер тестти өзүнүн каалоосуна жараша, маселен, иш берген кишинин талабы боюнча тапшырат", — деп айтылган маалыматта.