Өлкөдө азык-түлүк индустриясы алиге чейин колго алына элек. Бизде экспорт түшүнүгү бул тармакта өтө солгун. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБ рыногуна өз азык-түлүгү менен чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору.
"Кыргызстан агрардык өлкө катары ресурска бай. Чындыгында нукура азыктардын бренди боло алат. Бирок бизде ошол нукура азыктарды өндүрүүдө, аларды сактоодо технологиялар өнүккөн эмес. Жыйынтыгында эл аралык талаптарга жооп бере албай калабыз. Ал эми эл аралык талаптарга жооп берген бирин-серин ишканалар ири көлөмдү камсыздай алышпайт. Жыйынтыгында колубузда турган Евразия экономикалык бирлигинин мүмкүнчүлүктөрүн да пайдалана албай келебиз. Бизде ирилештирүү саясаты бул жаатта жакшы колго алынбай жатат. Ошол эле жер-жемиштен баштап бал, эт, сүт азыктары, айтор, бир топ ресурстар менен аталган рынокто беделдүү ордубузду таап алсак болмок. Кыргызстан ЕАЭБде дайыма эле эмгек мигранттарын берүүчү өлкө боло бербей, өндүрүшү менен да кириши керек", — деди Мамытов.
Ал Кыргызстандын рыноктогу мүмкүнчүлүктөрүн ЕАЭБге мүчө эмес кошуна мамлекеттер акырындап ээлеп жаткандыгын кошумчалады.