Кыргызстанда визанын жаңы категориясы киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 22-январдан тарта виза алуу тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул чечим инвестициялык саясатты жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү максатында кабыл алынууда.
Эми виза алууда тездетилген тариф киргизилмекчи. Аны "Электрондук виза" порталына өтүнүч бергенден тартып 24 сааттын ичинде алууга мүмкүн.
Ошондой эле “Сапар виза” (J тиби) киргизилип, ал ишкерлик, туристтик жана жеке сапарлар үчүн ыңгайлуу. Визанын бул түрү 90 күнгө чейин жарактуу болуп, бир же көп жолу кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Мурда колдонулуп келген “ишкерлик”, “туристтик” жана “тоо туризми” визалары жоюлат.
Кыргызстан Перс булуңунун алты өлкөсү үчүн визасыз режим киргизет