БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узартылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жөнгө салууну 90 күнгө узартуу чечими 11-январда кабыл алынган.
Буга чейин 2024-жылдын 15-сентябрынан тарта 90 күнгө көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Бул чара көмүрдүн негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калкты жеткиликтүү отун менен камсыз кылуу максатында киргизилди. Бул мезгилде көмүрдүн баасы белгиленген чектен ашпоосу керек.
"Көмүрдүн баасы региондорго жараша айырмаланып, казып алуу жеринен сатуунун түйүндөрүнө чейинки аралыкка, жеткирүү чыгымына, ошондой эле казып алуу ыкмаларына байланыштуу болот. Мисалы, шахталык ыкма менен казылып алынган көмүрдүн өздүк баасы жогору болсо, ачык ыкма менен алынган көмүр арзан болот", — деп жазылган маалыматта.
Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөрү кошумчаланган. Азыркы баа менен да таанышып алсаңыз болот.