Гиперүндүү "Кинжал" ракетасы сыналганы маалымдалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Атайын операциянын аймагында гиперүндүү "Кинжал" ракетасы бомбалоочу Су-34 истребители менен сыналганы маалым болду. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Ракетаны биринчи ирет атайын операцияга сынап колдонууну учкуч-сыноочу полковник Максим Стефанов аткарганын "Красная звезда" маалымдаган.
Буга чейин аталган куралды өзгөртүп, жакшыртылган МиГ-31И(К) алып жүргөнү айтылган. Алардын ар бир учушу Украинанын бардык аймагында аба чабуулу боюнча эскертүүсү менен коштолчу.
"Эми чыгарылбай калган МиГ-31 истребителдерин "куралсыздандыруунун" жана "кинжалдарды" алып жүрүүчүлөргө айландыруунун кереги жок", — деп жазылган маалыматта.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада Батыш берген алыска атуучу ракеталар түгөнүп баратат