Калифорниядагы өрт апааты 24 кишинин өмүрүн алды

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШнын Калифорниясында чыккан өрттөн кеминде 24 адам каза болгонун Лос-Анжелестин Соттук-медициналык департаментинин эсебине таянуу менен ABC News телеканалы билдирди.
Буга чейин 16 кишинин набыт болгону айтылган.
Лос-Анжелесте 7-январда башталган токой өртү штаттын тарыхындагы эң эле апааттуу каргаша болуп калды. Бийликтин маалыматы боюнча, жалын 16 миң гектар жерди жалмаган. 12,3 миң ар кандай курулуш жок болду. Метеорологдор өрттү шамал да күчөтүп жатканын айтышууда.
Байден Калифорниядагы ири кырсыкка каршы күрөшүү режимин жарыялады