Муз туткунунда калган тарыхый 812 күндү "Георгий Седовдогулар" илим үчүн болушунча колдонушкан. Арктика муздарын, жаан-чачындын түпкүрүн жана 3 миң метр тереңдиктеги катмардын үлгүлөрүн алып, изилдешкен.
Түндүк муз океанындагы арал бар деген кеп-сөздүн аныгын калың муздардан улам көп жыл текшере албай келишсе, бул сапар адистер аталган аймактагы сууларга барып, жыйынтык чыгарып келишкен. Тагыраагы, арал табышкан эмес.
Арктикага каттап, муз жаргыч кемени транспорт катары 1966-жылга чейин колдонушкан. Ал эми 1967-жылы ишке ошол эле ат менен жаңысы кирип, бул техника 1992-жылга чейин кызматын көрсөткөн.
Бир аз артка кайтсак, 1937-жылы кемедеги окумуштуулар Карск деңизин жана Новосибирск аралдарынын аймагындагы Лаптев деңизинин бөлүгүн изилдеген. Лаптев деңизинин түштүк-батышында оор музга кептелип калган "Ленин" кербенинин кемелерине жардам берүү үчүн "Георгий Седов" жөнөтүлгөндө программа дээрлик аяктап калган.

Операцияга "Георгий Седов", "Садко" жана "Малыгин" муз жаргычтары катышкан. Үч кеме муз туткунунан чыга албай, аталган аймакта кыштаган. 1938-жылдын жаз, жайында учактар экипаждын арбын бөлүгүн алып кеткен. 1938-жылдын сентябрында "Садко" менен "Малыгин" чыга алган. Ал эми "Седов" талкаланган рулу менен дагы бир кышка калган да, деңиздеги "сапары" 812 күнгө созулуп кеткен.
1940-жылдын 13-январында бортунда легендалуу изилдөөчү Папанин менен "Иосиф Сталин" муз жаргычы "Георгий Седов" кемесин жандай, аны ачык сууга алып чыккан.
Каармандыгы үчүн "Седовдун" экипажынын 15 мүчөсү Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.